7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

523

Бүгүн, 2-майда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Урматтуу мекендештер! Кадырлуу момун мусулмандар!

Биз бүгүн адамдын руханий дүйнөсүн тазарта турган кечиримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун, мээримдүүлүктүн мектеби болгон берекелүү Орозо айынан өтүп, аны жаркын маанай менен узатып турабыз. Отуз күндүк Орозо эркибизди тарбиялап, ыйманыбыздын бекемделишине, адеп-ахлактуу болууга чоң түрткү болду.

Баарыбызга белгилүү болгондой, коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам, Айт намазы мурдатан салт болуп калгандай, ордо калаанын аянтында окулбай келген. Жаратканга шүгүр, бүгүн кайрадан жаңыртылган аянтта жүз көрүшүп, Айт намазын жамаат менен окуганы турабыз.

Ислам дининдеги жөнөкөйлүк, сабырдуулук, ак ниеттүүлүк, чынчылдык, жоопкерчиликтүү болуу, улууну урматтап, кичүүнү ызааттоо, үй-бүлө жоопкерчилигин моюнга алуу, бир тууганчылык жана башка баалуулуктар адамдын жашоо образынын жалпыга бирдей рухий мурасы, чен-өлчөмү катары саналат. Демек, бул динди тутунгандар, анын ичинде Кыргызстандагы момун мусулмандар адептүүлүктүн, кайрымдуулуктун, мээримдүүлүктүн үлгүсү катары өздөрүн өрнөктүү алып жүрүшү керек.

Он эки айдын султаны деп айтылган бул ыйык Орозо айында жакшы ниет, аруу тилектер айтылып, кайрымдуулук иштер арбын болду. Колу ачык инсандарыбыз жан дүйнөсүн тазалап, бул ыйык айдын урматына көптөгөн сооп иштерге себепкер болуп, жардамын аябай, бир топ жарандарыбыздын ажатын ачууга ашыгып, аракет кылгандыгына бекем ишенем. Себеби тынчтыктын, ынтымактын данакери болгон Ислам динибиздин беш түркүгүнүн бири Орозо кармоо адам баласын жакшылыкка жетелеп, жаштарды туура жолго үндөөрү жалпыга белгилүү.

Коомчулукта ислам маданияты менен кылым карыткан кыргыз маданиятынын ортосундагы байланыш тууралуу талкуу жүрүп калат. Эки маданиятты карама-каршы коюуга далалат кылган чагымчылар жана диний сабаты төмөн түркөйлөрдүн жетегине жетеленбөө керектигин белгилеп кетейин. Себеби, биздин ата-бабаларыбыздан калган макалдардын, накыл кептердин Ислам баалуулуктары менен төп келерин ошол эле аалымдар, ошол эле илимпоздор айтып келатышат.

Ошону менен бирге өлкө жарандары болобу, же жалпы эле адамзат болобу Ислам дини ынтымактын дини экендигин жакшы билишет. Элибизде “коңшуңду ууру тутпа” деп айтылса, мусулманчылыкта коңшу-колоңдор менен ынтымакта болууга чакырат эмеспи. Ошондуктан, ыйык Орозо айынын урматына жалпы мусулман элдери ынтымактуу болуп, сабыр кылып, кыйынчылык башка түшкөндө бири-бирине кол сунуп, эриш-аркак жашоого милдеттүү.

Урматтуу кыргызстандыктар!

“Жакшылык кылууда бири-бириңер менен жарышкыла” – деп Ыйык Куранда айтылгандай, жеке эле Орозо айында эмес, мындан ары дагы колунда барларды муктаждарга кайрымдуу, мээримдүү – деп Ыйык Куранда айтылгандай, жеке эле Орозо айында эмес, мындан ары дагы колунда барларды муктаждарга кайрымдуу, мээримдүү болууга, араздашкандарды бири-биринен кечирим сурап элдешүүгө, жакын алака-катыш менен жылуу мамиледе болууга, тууган-урук менен мамилени чыңдоого чакырам. Ар бир жасаган жакшылык иштерибиз Жараткандын ыраазычылыгына ээ болуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым болоруна үмүтүбүз чоң.

Кыргызстаныбыздын жамы журту, өлкөбүздү мекен тутуп, байырлаган ар кыл этностордун өкүлдөрү “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, ынтымакта, биримдикте болуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо берели.

Орозо айтта Жараткан ар бир үйгө береке берсин, бакыт жана жарык маанай тартууласын. Өлкөбүзгө токчулук, өнүгүү, ийгилик алып келсин, элибизге биримдик берсин, ал эми дүйнөгө тынчтык жана ынтымак ыроолосун!

Дагы бир жолу Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайм!»

Айтыңыздар маарек болсун!”,-деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

524