7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууда миңден ашуун жумуш орду түзүлөт

313

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруунун жана эксплуатациялоонун бардык этаптарында 1 миңден ашуун жумуш орду түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда өтүп жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземинде билдирди.

Анын айтымында, бул өлкөнүн социалдык жана экономикалык абалына оң таасирин тийгизет.

“Кыргызстан үчүн бул долбоор көп кырдуу мааниге ээ. Биринчиден аталган темир жолдун курулушу, өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүн ыкчамдатат. Долбоорду ишке ашыруу менен Евразия континентиндеги транзиттик түйүн катары, биздин ролубуз бекемделет. Жүк ташуулардын көлөмү олуттуу өсөт. Экинчиден аталган долбоору өлкөбүздүн аймактарынын өнүгүшүн камсыздайт. Мындан сырткары, темир жолду куруунун жана эксплуатациялоонун бардык этаптарында 1 миңден ашуун жумуш орду түзүлөт”, — деди президент.

314