7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун жогорку сапатта бүтүрөбүз деп ишенем

346

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууда алдыда дагы көптөгөн иштер турат, бирок тыгыз кызматташуунун аркасында бул долбоорду өз мөөнөтүндө жана жогорку сапатта бүтүрөбүз деп бекем ишенем. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу иштеринин башталышына арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, бул стратегиялык маанилүү темир жолдун курулушунун алгачкы ташын коюу биргелешкен чоң иштин башталышы.

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу бүтүндөй региондун өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, экономиканы чыңдап, миллиондогон адамдардын жашоосун жакшыртат. Долбоорду ишке ашырууга салым кошом дегендердин бардыгына чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Бул темир жол биздин өлкөлөрүбүздүн достугунун, кызматташтыгынын жана өсүп-өнүгүшүнүн белгиси болот деп ишенем”, — деди Садыр Жапаров.

347