7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Куралдуу күчтөрдү чыңдоо – башкы милдетибиз

456

Кыргыз Республикасынын президенти – өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн башкы кол башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: 

“Жолдош жоокерлер жана сержанттар!

Старшиналар жана прапорщиктер!

Офицерлер жана генералдар!

Урматтуу Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнө туура 30 жылдын жүзү болду. Баарыңыздарды бүгүнкү салтанаттуу күн менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Урматтуу мекендештер!

“Мен — кыргызстандыкмын” деп сыймыктанган ар бир жаранды, жалпыбызды бир гана асыл максат – кубаттуу жана күчтүү Кыргызстанды куруу милдети бириктирип турат. Ал милдет Кыргызстан деген керемет жерибизди, көп этностордун өкүлдөрүн айланасына топтогон меймандос элибиздин бейпилдигин сактоодон, Мекенге ак кызмат өтөп, керек болсо өмүр-жашоосун арноодон башталат. Мына ушундай улуу милдетти, оор жүктү Айкөл Манастын урпактары болгон кыргыз армиясынын кайраттуу жоокерлери татыктуу көтөрүп келе жатасыңар.

Эгемендик мезгилиндеги тарыхыбызга кайрылсак, 1992-жылдын 29-майында мурдагы Советтер Союзунун өлкөбүздө жайгашкан кошуундары менен бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына өтүп, мамлекеттин ажырагыс атрибутикасы менен таянычы болгон улуттук армиянын пайдубалы түптөлгөн. Биздин армия ошондон баштап бүгүнкү күнгө чейин аскердик каада-салттарды сактоонун жана арттыруунун, Ата Мекенди коргоо деген ыйык милдетин аткарууга белсенген Куралдуу Күчтөрдүн калыптануу жолун басып өттү.

Кыргызстандын түштүк аймагына эл аралык террористтик топтор басып кирип, мамлекеттик аймактын бүтүндүгүнө коркунуч жаралган 1999-2000-жылдар баарыбыздын эсибизде. “Баткен окуялары” деп аталып калган ошол мезгил биздин армия үчүн биринчи согуштук тажрыйба, мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн сактоо жолундагы чоң сыноосу болду десек жаңылышпайбыз. Жоокерлерибиздин өлкө башына түшкөн кыйын күндөрдө эл-жерибиздин коопсуздугун камсыз кылууга аттанып, душмандар менен кагылышууда көрсөткөн каармандыгын дайыма эскерип турабыз. Тынчтык жана бакубатчылык үчүн өзүнүн өмүрүн арнаган уулдарыбызды унутууга акыбыз жок!

Кыргыз Республикасынын аскердик бөлүктөрү өлкө аймагында гана эмес, эл аралык милдеттенмелердин алкагында чет мамлекеттерде дагы өздөрүнүн милдеттерин татыктуу аткарышууда.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү кыйын мезгилдерди башынан кечирсе дагы, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө каршы багытталган кандай гана аракеттер болбосун, бөгөт коюуга жөндөмдүү экендигин 30 жылдык тарых тастыктап турат.

Жакында эле биз Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын майрамдадык. Бүгүнкү күндөгү кыргыз армиясындагы жоокерлерибиз фашизмдин жайылышын токтоткон Улуу Жеңиш ээлеринин татыктуу мураскерлери болуп саналат.

Жолдош аскер кызматкерлери!

Биз эл аралык кырдаал ыкчамдык менен өзгөрүп жаткан маалда жашап жатабыз. Дүйнөнүн ар кайсы региондорунда болуп жаткан куралдуу чыр-чатактар божомолго сыйбаган масштаб жана кесепеттер менен мүнөздөлүп жатканына жалпыбыз күбө болуп турабыз. Маалыматтык жана үгүт иштери менен катар, куралдуу күрөштү жүргүзүүнүн аскердик эмес башка ыкмалары да басымдуулук кылып жатканы байкалууда.

Ошондуктан, азыркы шарт Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылууда!

Меймандостугу менен таанымал Кыргызстаныбыз өзүнүн аскердик саясатын өзүн-өзү коргоо жана коргонууга жөндөмдүүлүгүн арттыруу принциптеринин негизинде түзө турганын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо – эң башкы милдетибиз.

Биз бул багытта иштерди баштап, 2021-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун жаңы концепциясын бекиткенбиз. Анын негизги максаты — улуттук коопсуздугубузга коркунуч келтирген көрүнүштөрдүн алдын алуу, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө багытталган күч-аракеттерди топтоштуруу жана ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу болгон.

Жакынкы күндөрдө Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинде Кыргыз Республикасынын Аскердик жаңы  доктринасынын долбоору каралат, Куралдуу Күчтөрдүн ишин ар тараптуу камсыздоо, айрыкча, анын аскердик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча чечимдер кабыл алынат.

2021-жылдан тартып аскер бөлүктөрүнө жаңы курал-жарактарды жана аскердик техникаларды сатып ала баштадык. Өткөн жылы аскер кызматкерлеринин кызматтык маяналары жогорулатылды. Акчалай төлөмдөрдү, анын ичинде Куралдуу Күчтөрдүн жарандык кызмат адамдарынын эмгек акысын жогорулатуу боюнча жаңы сунуштар каралууда.

Урматтуу мекендештер, өлкөбүздүн меймандары!

Дүйнө жүзүндөгү учурдагы коркунучтардын фонунда Кыргыз Республикасы макулдашуу жана адилеттүүлүк, өз ара пайдалуу кызматташтык, эл аралык жана региондук көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүү принциптерине таянып жашоого умтуларын баса белгилей кетким келет. Бул принциптер биздин баш мыйзамыбыз болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясында дагы бекитилген.

Мындан ары дагы ушул принципиалдуу позицияларды бекем карманабыз деп ишенимдүү айта алам.

Куралдуу күчтөрдүн кадырлуу ардагерлери!

Сиздерге өзгөчө ыраазычылык сөздөрдү айтып, арнагым келет. 30 жылдык тарыхы бар Куралдуу күчтөрдүн басып өткөн жолундагы сиздердин баа жеткис күжүрмөн тажрыйбаңыздар мекенчил кыргыз жоокерлерин, мекенчил уул-кыздарын тарбиялоодо мыкты өрнөк болуп кала берерине бекем ишенем!

Аскердик каада-салттагы үч негизги адеп-ахлактык түшүнүктү – “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Атуулдук милдетти” баалай билген, бул ыйык түшүнүктөрдү кийинки муундарга ийине жеткирип түшүндүрө алган ардагерлердин орду өзгөчө экенин эч ким четке кага албайт. Куралдуу күчтөр тутунган атуулдук, достук, кесипкөйлүк, темирдей тартип, руханий адеп жана уюштуруучулук принциптер дагы мына ушул ардагерлерибиздин боюна сиңген деп айтсак болот. Ошондуктан, аскердик каада-салттарды сактоодо жана өркүндөтүүдө ардагерлерибиздин акыл-насааты, бай тажрыйбасы абдан маанилүү деп эсептейм.

Жолдош аскер кызматкерлери, ардактуу ардагерлер жана жалпы мекендештер!

Куралдуу Күчтөрүбүз Мекен алдындагы милдеттерин ар-намыстуулук менен аткара берерине бекем ишенем!

Баарыңыздарга чың ден сооолук, бакубат жашоо каалайм!

Кыргызстаныбызда жана дүйнөдө тынчтык болсун!

Дагы бир жолу өлкөбүздүн Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктаймын!”

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

457