7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Тынчтык жана бакубатчылык үчүн өзүнүн өмүрүн арнаган уулдарыбызды унутууга акыбыз жок!»

510

Жалпыбызды бир гана асыл максат – кубаттуу жана күчтүү Кыргызстанды куруу милдети бириктирип турат. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

“Мен — кыргызстандыкмын” деп сыймыктанган ар бир жаранды, жалпыбызды бир гана асыл максат – кубаттуу жана күчтүү Кыргызстанды куруу милдети бириктирип турат. Ал милдет Кыргызстан деген керемет жерибизди, көп этностордун өкүлдөрүн айланасына топтогон меймандос элибиздин бейпилдигин сактоодон, Мекенге ак кызмат өтөп, керек болсо өмүр-жашоосун арноодон башталат. Мына ушундай улуу милдетти, оор жүктү Айкөл Манастын урпактары болгон кыргыз армиясынын кайраттуу жоокерлери татыктуу көтөрүп келе жатасыңар.

Эгемендик мезгилиндеги тарыхыбызга кайрылсак, 1992-жылдын 29-майында мурдагы Советтер Союзунун өлкөбүздө жайгашкан кошуундары менен бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына өтүп, мамлекеттин ажырагыс атрибутикасы менен таянычы болгон улуттук армиянын пайдубалы түптөлгөн. Биздин армия ошондон баштап бүгүнкү күнгө чейин аскердик каада-салттарды сактоонун жана арттыруунун, Ата Мекенди коргоо деген ыйык милдетин аткарууга белсенген Куралдуу Күчтөрдүн калыптануу жолун басып өттү.

Кыргызстандын түштүк аймагына эл аралык террористтик топтор басып кирип, мамлекеттик аймактын бүтүндүгүнө коркунуч жаралган 1999-2000-жылдар баарыбыздын эсибизде. “Баткен окуялары” деп аталып калган ошол мезгил биздин армия үчүн биринчи согуштук тажрыйба, мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн сактоо жолундагы чоң сыноосу болду десек жаңылышпайбыз. Жоокерлерибиздин өлкө башына түшкөн кыйын күндөрдө эл-жерибиздин коопсуздугун камсыз кылууга аттанып, душмандар менен кагылышууда көрсөткөн каармандыгын дайыма эскерип турабыз. Тынчтык жана бакубатчылык үчүн өзүнүн өмүрүн арнаган уулдарыбызды унутууга акыбыз жок!»,- деп билдирди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

511