«Куралдуу күчтөрүбүз Мекен алдындагы милдеттерин ар-намыстуулук менен аткара берерине бекем ишенем!» Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
«Куралдуу күчтөрдүн кадырлуу ардагерлери!
Сиздерге өзгөчө ыраазычылык сөздөрдү айтып, арнагым келет. 30 жылдык тарыхы бар Куралдуу күчтөрдүн басып өткөн жолундагы сиздердин баа жеткис күжүрмөн тажрыйбаңыздар мекенчил кыргыз жоокерлерин, мекенчил уул-кыздарын тарбиялоодо мыкты өрнөк болуп кала берерине бекем ишенем!
Аскердик каада-салттагы үч негизги адеп-ахлактык түшүнүктү – “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Атуулдук милдетти” баалай билген, бул ыйык түшүнүктөрдү кийинки муундарга ийине жеткирип түшүндүрө алган ардагерлердин орду өзгөчө экенин эч ким четке кага албайт. Куралдуу күчтөр тутунган атуулдук, достук, кесипкөйлүк, темирдей тартип, руханий адеп жана уюштуруучулук принциптер дагы мына ушул ардагерлерибиздин боюна сиңген деп айтсак болот. Ошондуктан, аскердик каада-салттарды сактоодо жана өркүндөтүүдө ардагерлерибиздин акыл-насааты, бай тажрыйбасы абдан маанилүү деп эсептейм.
Жолдош аскер кызматкерлери, ардактуу ардагерлер жана жалпы мекендештер!
Куралдуу Күчтөрүбүз Мекен алдындагы милдеттерин ар-намыстуулук менен аткара берерине бекем ишенем!
Баарыңыздарга чың ден сооолук, бакубат жашоо каалайм!
Кыргызстаныбызда жана дүйнөдө тынчтык болсун!»,- деди президент Садыр Жапаров өз сөзүндө.