Мурдагы президенттер менен болгон жолугушууну уюштурууга эмне түрткү болду жана анын максаты эмнеде? Президенттин кезектеги маегинен.
— Саясатчылар демекчи, Мадумаровду деле ынтымак столго чакырып койбойсузбу?
— Аны деле чакырганбыз. Чакырганда дагы үйгө чакырганбыз. Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп: “Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү”, — дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып, достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу. “Мейли, өзү билсин” дедик. Башка эмне дейбиз, ага жалдырамак белек.