Президент Садыр Жапаровдун мурдагы журт башчылары менен болгон жолугушуусу ушул аптадагы негизги саясий окуялардын бирине айланып, учурда кызуу талкууга алынып жаткан кези. Айрымдары жолугушууну кубаттаса, кээ бирлери ачык эле сындап чыгууда. Мурдагы президенттер менен болгон жолугушууну уюштурууга эмне түрткү болду жана анын максаты эмнеде? Президенттин кезектеги маеги.
«Урматтуулар, негизги сөзгө өтөөрдөн мурда, сиздерге бир нерсени айтып коеюн. Кыргыз саясатчылары жалган сөздөрдү таратмай адатыбыз бар эле. Тилекке каршы, элибиз дагы ошондой ушактарга тез ишенип алат. Мен жөнүндө 13 жылдан бери эле «Бакиевден акча алып келип революция кылганы жатат, Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алып шайлоого барды. Экөөнө көз каранды» деген сыяктуу жалган сөздөрдү тараткандар болду.
Кудайдын куттуу жери, пайгамбарыбыздын буту баскан ыйык жерде олтурабыз. Бирөөңөрдөн бир тыйын алган болсом, ушул жерден Кудай алдында айткыла», — дедим. — Албетте жок дешти. Кыскасын айтсам, «ушул жерде олтурган баарыңыздардын алдыңарда финансылык дагы, саясий дагы карызым, милдеттемем жок. Менин президент болушума бирөөңүздөрдүн дагы тиешеңер жок.
Бир гана Кудай алдында, анан карапайым элдин алдында милдеттүүмүн. Кудай колдоп, карапайым эл алып келип бийликке койду. Ошондуктан “арабызда олтургандардын арасынан бирөө-жарымга милдеттенмеси барбы” деген ар кандай күмөн ойлордон алыс болуңуздар»,- деди президент.