7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтө турган кызматкерлерди ачыктады

12129

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медициналык жана социалдык кызматкерлерди, ал эми Билим берүү жана илим министрлигине — билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлерди толук эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тапшырма президент Садыр Жапаров тарабынан бүгүн, 12-июлда берилген.

Ошол эле учурда, бардык конфессиялардын диний кызматкерлерине, коомдук тамактануучу жайлардын, соода, тейлөө, транспорт, банк кызматкерлерине жана башка адамдар массалык түрдө топтолчу ишканалардын кызматкерлерине вакциналарды алуу сунушталат.

Эскерте кетсек, 12-июлга караган акыркы сутка ичинде 1 миң 330 COVID-19 жуктурган жаңы учур катталып, 11 бейтап каза болгондугу айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

12130