«Мурдагыга караганда спортчуларыбызга азыр Кудайга шүгүр эле көңүл буруп жатабыз. 3 жылдан бери, мисалы, күрөшчүлөрүбүзгө эң кымбат деген витаминдерин камсыз кылып келдик. Бир жылда эле 4 миллион сом каражат жумшалат экен». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
«Мурда жатаканаларда жашап жүргөн спорчуларыбыз бар эле. Аларга шарт түзүп, батирлерди алып, ижара акысын төлөп берип келдик. Эми Кудай буюрса, өз үйлөрү болуп калат. Мурда спортчуларыбыз эл аралык мелдештерге барарда акчалары өз убагында бөлүнүп берилбей, каражат жок, ар кимден карыз алып, мелдешке кетип жүргөн күндөрү болгонун өз көзүбүз менен көрүп жүрбөдүк беле. Анын баарын тез эле унутуп калдыкпы? Мелдештерге барып келип, андан кийин акчалары колдоруна тийген кезде карыздары менен эсептешип жүргөндөрүн мен өз көзүм менен көргөм. Ал күндөр эми артта калды. Мындан ары эми андай болбойт. Кыскасы, “Көрө-көрө көсөм болом” дегендей, кийинки Олимпиадага кандай даярдыктар менен баруу керектигин билип алдык. Кийинки Олимпиадага спортчуларыбызды казан-казан эт, куржун-куржун казы карталар менен жөнөтөбүз. Азырынча кылдан кыйкым издебей, андан көрө спортчуларыбызга дем берип, колдоп туралы»,-деди президент.