7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент «Oppenheimer Asset Management» компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

563

Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарына (АКШ) болгон иш сапарынын алкагында америкалык «Oppenheimer Asset Management» көп улуттук инвестициялык банкынын жана компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

“Oppenheimer Asset Management” компаниясынын президенти Роберт Ловенталь жана башкармалыктын төрагасы Альберт Ловенталь менен ишкердик баарлашуу компаниянын башкы кеңсесинин имаратында болуп өттү.

Тараптар мүмкүн болгон биргелешкен пландар жана долбоорлор боюнча, анын ичинде банк-финансы тармагында пикир алмашты.

Компаниянын ээлери Мамлекет башчысына анын түптөлүү тарыхы, кандай финансылык кызматтарды көрсөтөөрү, атап айтканда капитал рыногунда инвестициялык-банктык, финансылык жана консультациялык кызматтар, ошондой эле бүткүл дүйнө боюнча тиешелүү өнүмдөр жана кызматтар жөнүндө кыскача айтып беришти.

“Oppenheimer Asset Management” компаниясынын 50 жылдан ашык тажрыйбасы бар жана башкарууда 37 млрд АКШ доллар активдери бар. Алгач Oppenheimer & Company болуп түзүлгөн, Oppenheimer Holdings 1950-жылы брокер-дилер катары кызмат кылуу жана ири институционалдык кардарлар үчүн тиешелүү финансылык кызматтарды башкарган өнөктөштүк түзүлгөндө негизделген. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Роберт менен Альберт Ловенталдар Кыргызстанга биринчи суверендүү еврооблигацияларды чыгарууну сунуштады, бул кийинчерээк NYSEде кыргыз компанияларынын IPOсуна жол ачат.

Мамлекет башчысы бул демилгени канааттануу менен кабыл алып, маселени тереңирээк изилдөө зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле “Oppenheimer Asset Management” компаниясынын уникалдуу ийгилик таржымалында Роберт Ловенталдын чоң ролун баса белгилеп, америкалык ири финансылык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууну уюштурууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан чет элдик инвесторлор, анын ичинде америкалык бизнес үчүн натыйжалуу жана ишенимдүү аянтча болууга даяр экенин өзгөчө белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

564