7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Ош жана Жалал-Абадда жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышты (ФОТО)

446

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда, Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропортторду куруу долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы жаңы аэропорттор курула турган жер тилкелерин көрүп чыкты.

Долбоорго ылайык, бул бардык эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде курулган толук кандуу аэропорттор болот.

Тилкелерди кароонун жүрүшүндө Садыр Жапаров Ош жана Жалал-Абад шаарларында эски аэропорттордун ордуларындагы аймакты комплекстүү пайдалануу зарылдыгын белгиледи – заманбап турак жай кичирайондору курулат.

Иштеп жаткан “Ош” эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты 168 га жана иштеп жаткан “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты 78,2 га түзөт.

Бул аймактарда курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген ипотека менен берилет.

Президент Садыр Жапаров эл аралык жарандык авиациянын бардык талаптарына жооп бере турган аэропортторду куруу боюнча даярдык иштерин күчөтүүнү тапшырып, бул туризмди өнүктүрүүнүн негизги фактору экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчысынын демилгеси менен аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу жана ички авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

447