7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Мирзиёев менен сүйлөштү. Эмне кеп болду?

446

Бүгүн, 1-майда, президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди өлкөнүн келечектеги өнүгүү жолун аныктаган дагы бир орчундуу жана тарыхый окуяга айланган конституциялык референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Садыр Жапаров президент Шавкат Мирзиёев тарабынан жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформа, ошондой эле өлкөнү мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы идеяларды жана принциптерди ишке ашыруу багыты да достук мамиледеги Өзбекстандын дүйнөлүк саясаттагы аброюн бекемдөөгө салым кошоруна ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк түзүлүп, бир туугандык, достук жана ынак коңшулук мамилелерге негизделген бардык деңгээлде конструктивдүү жана ишенимдүү диалог түзүлгөнүн баса белгиледи. Кабыл алынган биргелешкен Жол картасына ылайык тараптардын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштер толук көлөмдө уланууда.

Сүйлөшүү учурунда мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу форматта боло турган иш-чаралардын графиги боюнча да пикир алышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

447