7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто эмгекчилер күнүнө карата жөө жүрүш болуп өттү (ФОТО)

731

Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата Ош шаарындагы муниципалдык мекеме- ишканалардын, уюмдардын жана жогорку окуу жайлардын эмгек жамааттарынын жөө жүрүшү болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Катышуучулар «Өчпөс от» мемориалдык комплексинен, шаардын борбордук аянты аркылуу С.Ибраимов атындагы Ош улуттук Кыргыз драма театрына чейин жөө басып өтүштү.

Ошондой эле шаардык маданият башкармалыгы тарабынан шаар тургундарына майрамдык концерттик программа тартууланды. Иш-чарага 2000ге жакын адам катышты.

Эске салсак, Кыргызстанда 1-май Эмгек кодексине ылайык, расмий дем алыш күнү болуп саналат. Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү Совет доорунан бери белгиленип келет.

Майрам расмий түрдө алгачкы жолу 1917-жылы белгиленген. Кыргызстанда 1-Май майрамы алгачкы жолу 1919-жылы Пишпек шаарында өткөн. 1928-жылы РСФСР Элдик Комиссарлар Советинин Борбордук Аткаруу Комитетинин декрети менен 1-2-май эс алуу күндөрү болуп, жөө жүрүш бардык жарандар үчүн салтка айланган.

Бүгүнкү күндө майрам катары дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

732