7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди куттуктады

341

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун өтүшүнө байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Сизди жана боордош Өзбекстан Республикасынын элин өлкөнүн келечектеги өнүгүү жолун аныктаган маанилүү жана тарыхый окуяга айланган конституциялык референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен чын дилимден куттуктайм.

Сиздин жетекчилигиңиз менен Өзбекстанда туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана калктын бакубаттуулугун мындан ары жогорулатууга багытталган системалуу жана комплекстүү реформалар жүргүзүлүп жатканын кубаттайбыз.

Референдумдун жыйынтыктары Өзбекстан элинин кызыкчылыктарын, келечек муундун татыктуу жашоосун, ошондой эле республикада туруктуу социалдык-экономикалык өсүштү камсыз кылууга негиз болуп берет деп ишеним артам.

Жаңыртылган Конституция боордош Өзбекстан элинин жыргалчылыгы жана мындан аркы туруктуу өнүгүүсү үчүн ишенимдүү кепил болоруна жана жаңы Өзбекстанды куруу жолунда өлкө алдында турган милдеттерди ишке ашырууга өбөлгө түзөрүнө терең ишенем.

Кыргыз тарабы бир катар эл аралык байкоочулардын курамында референдумдун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп, Өзбекстандын мындан аркы өнүгүүсүн аныктоодогу тарыхый учурга күбө болду. Бул Конституция мамлекеттик башкарууда жана мыйзам чыгаруу системасында олуттуу өзгөрүүлөргө гана алып келбестен, өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, жарандардын жашоо шартын жакшыртууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө укуктук негиздерди түзөрү шексиз.

Сиз менен, урматтуу Шавкат Миромонович, Ташкентте да, Бишкекте да болгон абдан жылуу талкуулар, анын ичинде жетишилген бир катар маанилүү макулдашуулар жана кол коюлган документтер кыргыз-өзбек өнөктөштүгүн бардык тармактарда өнүктүрүүгө да, аны жаңы мазмун менен байытууга да түрткү бергени абдан кубандырат.

Биздин үзгүлтүксүз байланыштарыбыз эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүдө маанилүү роль ойноду деп эсептейм.

Мамлекеттерибиздин ортосундагы ынак коңшулук жана достук, саясий өз ара ишеним ырааттуу түрдө бекемделип, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейүүдө, биргелешкен ири инвестициялык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлор ишке ашырылып, өз ара соодада оң динамика байкалууда, эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча ишибиз жигердүү улантылууда.

Жакынкы күндөрү Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык-драма театрынын 100 жылдыгына карата капиталдык оңдоо иштери аяктап, анын салтанаттуу ачылышы элибизге кубаныч тартуулады. Ошондой эле Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин түзүлгөндүгүнүн мааракелик жылында өтө турганына абдан кубанычтамын.

Жалпысынан биргелешкен аракеттерибиздин натыйжасында бир тууган элдерибиздин ортосундагы достук байланыштар мындан ары да чыңдалып, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерибиз ырааттуу өнүгө берет деп терең ишенем.

Урматтуу Шавкат Миромонович, Сизге бекем ден соолук жана алдыга койгон бардык максаттарыңызды ишке ашырууда ийгиликтерди, ал эми боордош Өзбекстан элине тынчтык жана өнүгүү каалайм”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

342