Бүгүн, 1-майга караган түнү Бишкек шаарынан 1998-жылы туулган жаран «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен 2000-жылы туулган кызды ала качып кеткен деген маалыматтын негизинде «перехват» берилген. Бул окуя тууралуу Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирди.
«Саат 00:20 чамасында Ысык-Ата РИИБ боюнча жол тескөөчүлөр тарабынан унаа кармалып, Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда унаа убактылуу токтотуучу жайына киргизилди» — деп берилет маалыматта.