Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз каттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.
2023-жылдын 30-апрелинде Бишкекке «Аэро Номад» авиакомпаниясынын биринчи туруктуу каттамы учуп келген (Бишкек–Москва–Бишкек). Авиакаттамдар Airbus 320 учагы менен жумасына эки жолу — шаршемби жана жума күндөрү Внуково аэропортуна аткарылат.
Белгилей кетсек, авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан төмөнкү багыттарга туруктуу жана чартердик каттамдарды аткарат: Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад, Анталия.