7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Теңиз Бөлтүрүк жана башка айыпкерлерден 844 млн сом өндүрүлдү

408

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк жана башка айыпкерлерден 844 млн 512 миң 858 сом зыян мамлекеттин казынасына өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Теңиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке 1 млрд 146 млн 449 мин 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Учурда келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда, 844 млн 512 мин 858 сому мамлекеттин казынасына кайтарылды», – деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгына Т.Бөлтүрүктүн жактоочулары тарабынан айыпкерди абактан үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүч келип түшкөн. Жогорудагыларды эске алуу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Т.Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жана келтирилген зыяндын калган суммасын өндүрүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. (Рысбек Токтогул) Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышкан.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үч кылмыш иши козголду. Мамлекетке дээрлик 1 млрд сом зыян келтирилген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

409