7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Оштогу стадионду толук реконструкциялап, бүтүрүүнү тапшырды

530

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадионду капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Стадион 1961-жылы курулуп, 62 жыл ичинде жарым-жартылай гана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, бир дагы жолу толук оңдолгон эмес. Объектти капиталдык реконструкциялоо биринчи жолу жүргүзүлүп жатат жана ал 2023-жылдын май айында башталган.

Президент Садыр Жапаров кошумча каражат бөлүп, жакын арада стадионду толук реконструкциялап, бүтүрүүнү тапшырды.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы спорт объектисин модернизациялоо боюнча иш-чаралар улантылышы керектигин, келечекте жабык конструкция долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле стадион заманбап көп функционалдуу спорт комплексинин талаптарына шайкеш келиши үчүн чуркоо жолдорунун абалын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын стадионунда эл аралык футбол оюндары жана шаардыктар үчүн ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат. Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында ыңгайлуу шарттарды жакшыртуу үчүн стадиондо 11 миң орундук жаңыланып, Азия футбол конфедерациясынын талаптарына ылайык, футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жайлар жана душ бөлмөлөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

531