7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Оштун мэрин кабыл алып, шайлоо боюнча сүйлөштү

631
Бүгүн, 2-июнь Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кабыл алып,  Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүү динамикасы,  социалдык-экономикалык долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө маалымат сурады.
Жапаров башка маселелер менен катар алдыдагы коомдук-саясий процесстерге, анын ичинде өлкөнүн кээ бир шаарларында өтө турган жергиликтүү кеңештерге кайра шайлоо өнөктүгүнө көңүлүн бурду.
Садыр Жапаров шайлоонун ачык-айкындыгын толук камсыз кылууну, кандай гана чиновник болбосун алардын административдик ресурстарды колдонуусуна жол бербөөнү тапшырды.
Ал үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айрым жергиликтүү жетекчилер өткөн окуялардан сабак албай, мыйзам бузууларга жол бергендигин айтып, буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылганына токтолду.
Мамлекет башчысы муниципалдык же башка кызматкерлердин шайлоого таасир этүү үчүн жасаган бардык мыйзамсыз аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюларын баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров белгилегендей, ушундай эле талаптар Бишкек жана Токмок шаарларына дагы коюлат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632