7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Статистика: Бир суткада 358 адамдан COVID-19 табылып, 6 бейтап каза болду

402

Коронавирус дагы 358 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 163, Ош шаарында – 64, Чүй облусунда – 64, Ош облусунда – 19, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир сутка ичинде 302 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 204, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 35, Ош облусунда – 8, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 12, Баткен облусунда – 3 адам сакайды», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Талас облусунда – 1 жана Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 660 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 782 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 100 бейтаптын абалы орто оордукта, 444 адамдын абалы оор жана 94 бейтап өтө оор абалда жатат. Акыркы сутка ичинде 5 615 ПЦР изилдөө жүргүзүлгөн.

Өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми сутка ичинде стационардан 3, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 695 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 589 медкызматкер айыгып чыкты.

Эскерте кетсек, пандемия башталгандан бери 105 миң 469 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 99 миң 175 киши айыгып чыкса, 1 миң 821 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

403