2021-жылдын 1-июнунда УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Ысык-Көл облусундагы майнинг-фермасынын (криптовалюта өндүрүшүнүн) Кыргыз Республикасынын электр тармактарына ири зыян келтирдиги боюнча мыйзамсыз иши аныкталып жана ага бөгөт коюлду.
«Курментицемент» ААК Цемент заводунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет элдик жарандарга таандык ири майнинг-фермасынын ишмердүүлүгү аныкталды. «Күрмөнтцемент» ААК майнинг-фермасынын ишмердүүлүгүн электр жана суу менен камсыздоону мыйзамсыз жүргүзүп келген.
Бул факт улуттук коопсуздук органынын сотко чейинки өндүрүштүк материалдарына КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кылмыш ишинин алкагында майнинг-фермасынын ишмердүүлүгү боюнча 2000 жакын жабдуу алынды.
Азыркы учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Майнинг ферма— бул биткойндерди же башка крипто-валюталарды карап туруу үчүн техникалык жактан жабдылган бүтүндөй маалымат борбору, компьютерлер жана серверлер көп болгон жай.
Техникалар тыңымсыз жогорку ылдамдыкта иштегендиктен чоң көлөмдөгү электр энергиясын талап кылат.