Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыктан бир адам мерт кетип, төртөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 114-чакырымында Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
«Кырсыктын кесепетинен 41 жаштагы эркек киши каза болуп, 45, 41, 33 жана 40 жаштагы төрт эркек киши жабыркаган. Куткаруучулар каза болгон жаранды унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен»,-деп берилет маалыматта.
Эскерте кетсек, жабыркагандар тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилди.