7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте маршрутка айдоочулары кайрадан иш таштады, мэриянын убадасы

569

Бүгүн, 2-июнь Бишкек шаарында коомдук каттамдагы кичи автобус айдоочулары иш таштап, эрте менен бир дагы маршрутка каттамга чыккан жок. 

Коомдук каттамда Бишкек шаардык мэриясына караштуу автобус, троллейбустар иштеп жаткан менен, млндон ашуун шаар тургундарын толук тейлей албай нааразычылыктар күчөдү. Мындай учурда коммерциялык негизде иштеген такси тейлөөчүлөр да тарифин көтөрүп, келишин (посадка) 200 сомго чейин көрсөтүүдө.

Бул жагдай миңдеген мамлекеттик жана башка кызматкер, жумушчулардын иштен кечигүүсүнө өбөлгө түзүүдө. Ал эми шаардык мэрия даагы да жооп бере элек. Дегеле унчуккан жок, эскертүү берилген жок. Басма сөз катчысы күтө тургула деген гана жоопту айтпайт.

Деген менен шаар тургунударына маалым болгондой, кичи автотобус айдоочулары жол акынын аздыгына жыл башында эле нааразычылык билдирип, иш ташташкан.

Ошол кездеги шаар мэри Балбак Түлебаев жол акынын тарифин жайга чейин карап берүүнү убада кылган болчу.

Бул аралыкта мэрия тараптан атайын долбоор даярдалып коомдук талкууга коюлган.

  • в троллейбус – 10 сом;
  • в автобус 10 – сом;
  • маршруттук такси – 15 сом.

Айрым маалыматтар боюнча, мэриянын бул долбоорун шаардык кеңеш бүгүн карап чыгат.

Эске салсак жыл башынан бери күйүүчү майдан баасы 36-38 сомдон 50-55 сомго чейин көтөрүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

570