Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон Чек ара кызматынын аскер кызматчылары Эсентур Кубанычбеков, Бекзат Юлдашев жана Нурсултан Манасбек уулунун жакын туугандарын кабыл алып, төраганын резервдик фондунан 100 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлайт.
Жолугушууда маркумдардын мекен алдындагы парзын аткарууда көрсөткөн каармандыктары жана эрдиктери эч качан унутулбай тургандыгын айткан Төрага Талант Мамытов: “Ушундай уулдарды тарбиялагандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем жана алар түбөлүккө улут сыймыгы болуп кала берет”, – деди.