Бүгүн, 1-июнь ушул учурда, Бишкектеги Түркия элчилигинин имаратынын маңдайына 100гө жакын жаран топтолуп, эртеден бери дайынсыз болуп жаткан ишкер Орхан Инандынын табылышын талап кылышууда.
Күбөлөр митингке келгендер негизинен «Сапат» мектебинин бүтүрүүчүлөрү дешет.
Эске салсак «Сапат» лицей-мектебинин негиздөөчүсү, ишкер Орхан Инанды бүгүн эртең менентен бери дайынсыз болуп, ИИМ издөө жарыялаган.
Ал соңкуирет 31-май кечки саат 18:00 чамасында үй-бүлөсү менен сүйлөшкөн. Ошол бойдон үйүнө кайтып барган эмес. Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаасы Бишкек шаарынын чеке жагындагы 12-микро районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан, эшиги ачык турган жеринен табылган.
Милиция жана жакындары тастыктаган маалыматка ылайык унаадан эч нерсе жоголгон эмес. Иликтөө иштери уланып жатат, бирок азырынча жаңы жагдай айтыла элек.