1-июнда Баткен районундагы Самаркандек айылында чек арачы атылган октон каза болду.
Маалыматка караганда, эки чек арачынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, бири экинчисине ок аткан. Андан кийин өзүн да атып, жаракат алган. Ок тийген чек арачы каза болду. Жарадар болгон чек арачы ооруканага жеткирилген.
Окуя саат 15:30 чамасында болгон. Самаркандектеги чек ара заставасында 2002-жылы туулган катардагы жоокер А. уулу А. кызмат өтөп жаткан учурда чек ара кезметинин ефрейтору — 2001-жылы туулган С. уулу А.га карата «Калашников» үлгүсүндөгү куралы менен белгисиз себептерден ок атып алган.
Анын кесепетинен ефрейтор ок тийген жерде каза тапкан. А. уулу А. андан кийин өзүнүн оозунун алды тарабына ок атып, оор жаракат алган. Ал азыркы учурда Баткен облустук ооруканасына жеткирилди. Баткендеги аскер прокуратурасына бул окуя боюнча маалымат берилди.