Бишкек шаардык кеңешин кайра шайлоого катышууга дагы 2 партия аттанаарын ачыктады. Алардын бири Жеңиш Молдокматов түптөгөн «Туран» партиясы, экинчиси Өмүрбек Текебаев жетектеген «Ата-Мекен» партиясы. Экөө тең мурдагы, апрелдеги шайлоого катышкан эмес.
Ошону менен шаардык кеңешке ат салышып жаткан саясий партиялардын саны 5ке жетти.
- «Туран»
- «Ата Мекен»
- «Социал-демократы»;
- «Онугуу-Прогресс»;
- «Замандаш».
Шайлоодо ат салышууну каалаган партиялар, 13-июнь түнгө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына каттоого туруш керек.
20 июнь аймактык шайлоо комиссиясы кайсы партиялар каттоого алынгандыгын жарыялайт. 21-июнь агитация башталып, 10-июлга чейин созулат.
Эске салсак Бишкек, Ош, Токмок шаарларында шайлоо таза өткөнжок деген даттануулардын себебинен, БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылып, кайра шайлоо жарыялады.
3 шаардагы кайра өткөрүлүучү шайлоого мамлекеттик бюджеттен 48 миллион 344 миң сом сарпталат. Бул тууралуу БШК билдирди.
Каражат төмөнкү багыттарга сарпталат:
- Шайлоого даярданууга жана аны өткөрүүгө керектүү товарлар менен кызматтарды сатып алууга;
- Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жабдыктардын операторлорун окутууга жана кызматтык сапарларга барууга;
- Байланыш кызматына;
- Предметтер менен материалдарды сатып алууга;
- Жабдыктар менен материалдарды жеткирүү үчүн транспот кызматтарына;
- Аймактардын ичинде жабдыктарды жеткирүү үчүн транспорт кызматтарына.
11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга казынадан 425 миллион сом жумшалган. Анын 27 миллиону Бишкек, 9 миллиону Ош, 2 миллиону Токмок шаарына жумшалган.