7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров: Азыр ар бир күн Кыргызстан үчүн кылымга тете

271

«Азыр биздин эс алууга укугубуз жок, анткени азыркы ар бир күн Кыргызстан үчүн кылымга тете. Биз күнү-түнү элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө ант бергенбиз, өзгөртүүлөрдү күткөн элдин үмүтүн актайбыз», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-январда, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мыкан айылында «Ынтымак-билим» жалпы билим берүү жана маданий-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу менен таанышуунун жүрүшүндө. Аталган комплексти Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы каржылоодо.

Комплекске 500 орундуу мектеп, спорт зал, ФАП, административдик имарат, мечит, футбол талаасы жана оюн аянтчалары кирет.

Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулардын алдында сүйлөгөн сөзүндө президенттик шайлоодо анын талапкерлигин колдогондору үчүн ыраазычылыгын билдирди, эми бардык күч-аракетин алардын ишеничин актоого жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жумшай турганын белгиледи.

Ошондой эле ал, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясына Кыргызстан үчүн оор кырдаалда социалдык объектилердин курулушуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Коюлуп жаткан биринчи кыш өлкө боюнча курулуштардын башталышынын белгиси болсун. Инвесторлор жана өнөктөштөр үчүн биздин эшигибиз ар дайым ачык», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы белгилегендей, инаугурациядан кийин бир катар инвесторлор менен жолугушуу өткөрүп, анда алар өлкө боюнча авариялык абалдагы мектептерди капиталдык реконструкциялоого колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги сырттан келген жардамдарды жана ички булактарды колдонуп, жакынкы эки жыл аралыгында бала бакчаларга, мектептерге жана ФАПтарга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кыларын баса белгиледи.

Садыр Жапаров «Ынтымак-билим» комплексиндеги мектептин курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты. Мектептин жаңы окуу жылына — 2021-жылдын сентябрына чейин бүткөрүлүшү күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

272