7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Чжао Лэцзи менен жолугушту

232

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда, Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосунда бардык деңгээлде өз ара аракеттенүүнүн жогорку динамикасы байкалып жатканын, ал эми стратегиялык өнөктөштүк тарыхый жогорку деңгээлде – ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлинде экенин баса белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кытайга болгон мамлекеттик сапарымды жана июнь айында Астанада Кытайдын Төрагасы – бир тууганым, урматтуу Си Цзиньпин мырза менен болгон жолугушуумду жылуу эстейм. Биздин жолугушууларыбыз ар дайым чыныгы достор, жакын кошуналар жана ишенимдүү өнөктөштөр ортосундагыдай достук маанайда өтөт», — деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Чжао Лэцзи КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин жылуу саламын жолдоду. Ал ошондой эле Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда олуттуу реформалар болуп жатканын, анын аркасында өлкө тездик менен социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетишкенин кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров кыргыз-кытай мамилелери ишеним, өз ара түшүнүшүү жана колдоо духунда мындан ары да чыңдала берерине ишеним билдирди.

Белгилей кетсек, бул Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин Төрагасынын Кыргызстанга болгон биринчи расмий сапары.

233