7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына барды

651

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда, иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) жетти.

Мамлекет башчысынын борту «Аль-Мактум» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл аль Мазруэй тосуп алды.

Эскерте кетсек, Мамлекет башчысы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат, ошондой эле БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.

 

652