7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
26272829  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

3000 АКШ долларга бааланган «элиталык» сойкулар жана уюштуруучулары кармалды

536

Интимдик кызмат көрсөткөн интернет-топтордун уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды таратууга жана сойкуканалардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюунун алкагында, эскорт кызматын көрсөтүү деген шылтоо менен төлөөгө жөндөмдүү жарандарга, жогорку кызматтагы аткаминерлерге, чиновниктерге жана ишкерлерге “элиталык” деп аталган интимдик кызмат көрсөтүү фактылары аныкталды.

27-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Whatsapp мессенджеринде 8ге жакын группа — “Туса”, “Luxury”, “Голодные игры”, “Красотки”, “Top Girls”, “Болталка”, “Онли/KG”, ошондой эле Telegram мессенджеринде 2 группа – “Models 312”, “Голодные игры” бар экени аныкталды, алардын курамына 18 жаштан 25 жашка чейинки 200гө жакын модель кыздар кирип, акчалай сыйлык үчүн интимдик кызмат көрсөтүүдө. Ошол эле учурда бир сааттык интимдик кызматтын баасы 300-3000 АКШ долларына чейин өзгөрүп турат, ага Instagram жана TikTok социалдык тармактарында популярдуу болгон жаш кыздар жана сулуулук сынагынын катышуучулары тартылган.

Аталган группалардын бардык катышуучулары такталып, кардарларды түздөн-түз издеп, жолугушуу жайларын сүйлөшүп жүргөн администраторлору жана менеджерлери 2002-жылы туулган С.С.Б. жана 1997-жылы туулган Т.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан группалардын башка уюштуруучуларын, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге колдоо көрсөтүүгө катышкан кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

537