УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сойкуларга барган депутат, мамкызматкер, коомдук ишмер жана бизнесмендердин жүзүн элге көрсөтөрүн эскертти.
“Эгер интимдик кызматтарды колдонгонуңарды токтотпосоңор ким экениңерге карабай жүзүңөрдү ачыктайбыз! Коомчулукка ушул депутат, чиновник, бизнесмен ушундай иштер менен алектенет деп айтабыз. Баарыңарга эскертип коёюн, ачык жарыялайбыз!” — деди ал.