Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында «Дуслык» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Татарстандын башчысы Рустам Минниханов Садыр Жапаровго Татарстандын эл аралык аброюн, Татарстан Республикасы менен чет мамлекеттердин, Россия Федерациясынын башка субъекттеринин ортосундагы достук жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө эмгеги үчүн, Татарстандын гүлдөп-өсүшүн өбөлгөлөгөн экономикалык, соода, илимий-техникалык, социалдык, маданий байланыштарды жана өндүрүш дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, натыйжалуу инвестициялык, кайрымдуулук жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн «Дуслык» орденин ыйгарды.
Садыр Жапаров өз кезегинде Рустам Миннихановго ыраазычылык билдирип, «Дуслык» орденин Кыргыз Республикасына болгон жогорку урматтын белгиси катары баалай турганын белгиледи. «Бул жогорку сыйлык Кыргызстан, Татарстан жана Россиянын ортосундагы бузулбас достуктун дагы бир символу болуп калсын», — деди Садыр Жапаров.
«Дуслык» ордени – Татарстан Республикасынын экинчи маанилүү мамлекеттик сыйлыгы.