7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолукту

214

Президент Садыр Жапаров Казань шаарында «Келечек оюндары» биринчи эл аралык мультиспорттук мелдешинин алкагында Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолукту.

Садыр Жапаров жолугушуунун алдында Казань Кремлиндеги ардактуу меймандар китебине жазуу калтырды.

Тараптар Кыргызстан жана Татарстандын ортосундагы эки жактуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Садыр Жапаров жана Татарстандын Башчысы Рустам Минниханов өз ара аракеттешүүнүн азыркы деңгээлине канааттангандык билдиришип, өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыктарын белгилешти.

Кызматташтыктын соода-экономикалык алакалар, илимий-техникалык кызматташуу жана маданий-гуманитардык байланыштар сыяктуу аспектилерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу жана өнөктөштүктүн мындан аркы өнүгүшүн өбөлгөлөө үчүн Жол карталарын жаңыртуу маанилүүлүгүн баса көрсөтүштү.

Ошондой эле Садыр Жапаров жана Рустам Минниханов Кыргызстан жана Татарстан элдеринин ортосунда маданий алакаларды чыңдоо, спорт жана маданият жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү тууралуу бирдиктүү пикирлерин билдиришти. Буга байланыштуу 2024-2025-жылдары өз ара Маданият күндөрүн өткөрүү чечими кабыл алынды.

Садыр Жапаров Рустам Миннихановду салттуу спорт түрлөрүн жана киберспорт, робототехника жана жасалма интеллект тармагындагы алдынкы идеяларды бириктирүүнүн көрсөткүчү болгон «Келечек оюндары» биринчи эл аралык спорттук турнирин ийгиликтүү уюштурушу менен куттуктады.

Жолугушуунун соңунда тараптар бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын жана Татарстан Республикасынын ортосундагы конструктивдүү диалогду улантууга түрткү берерин баса белгилешти.

215