7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барды

658

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына карата иш-чараларга катышуу үчүн Будапешт шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы аэропортко конду.

Садыр Жапаровду Венгриянын юстиция министри Бенце Тужон тосуп алды.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;

Муратбек Азымбакиев — Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Талантбек Кушчубеков — Кыргызстандын Венгриядагы

Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Эске салсак, иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, башка чет элдик лидерлер менен катар башка иш-чараларга катышат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659