7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

468

Бүгүн, 17-майда Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин телефондук сүйлөшүүсү болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана Казакстан элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишмердигине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого даярдыктарын ырастап, эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча өз ара кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилешти.

469