7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышты

279

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россия Федерациясына иш сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты.

Салтанаттуу иш-чарага 10 миңге жакын адам катышып, 130дан ашык аскердик техника жана авиация тартылган. Жөө колоннага адаттагыдай эле аскерлердин ар кыл түрлөрүнүн жана бөлүктөрүнүн өкүлдөрүнөн турган полктор, батальондор жана роталар кирген.

Парадга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы Россиянын башкы аянтында өлкөнү татыктуу көрсөтүп, денени аскерче кармоонун жана саптык даярдыктын жогорку деңгээлин көрсөтүштү.

Парадга Президент Садыр Жапаров менен бирге Беларусь лидери Александр Лукашенко, Казакстандыкы — Касым-Жомарт Токаев, Кытай лидери Си Цзиньпин, Россиянын лидери Владимир Путин, Тажикстандыкы — Эмомали Рахмон, Түркмөнстандыкы — Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев катышты.

Ошондой эле Армения, Буркина-Фасо, Босния жана Герцеговина, Бразилия, Вьетнам, Венесуэла, Гвинея-Бисау, Египет, Зимбабве, Конго, Куба, Монголия, Мьянма, Палестина, Сербия, Словакия, Экватордук Гвинея жана Эфиопиянын мамлекет башчылары жана премьер-министрлери да чакырылган.

Параддан кийин мамлекет башчылар Россиянын Президенти Владимир Путин менен бирге Александров бакчасындагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышышты.

 

280