7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Пекин шаарына барды

352

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда, Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Пекин шаарына барды.

Тяньцзинь шаарында Мамлекет башчысын расмий узатуу аземи болуп өттү, ага кытай тараптын өкүлдөрү катышты. Садыр Жапаров Кытайдын борборуна ылдам жүрүүчү поезд менен келди. Темир жол бекетинин аянтчасына килем төшөлүп, тосуп алуучулар жана Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын желектерин кармаган балдар катарга тизилишкен.

Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров 3-сентябрда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин жана аякташынын 80 жылдыгына арналган Парадга катышат, ошондой эле КПК БК Саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү, КПК БК Катчылыгынын Катчысы Цай Ци менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

353