7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Кореяга барды

202

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, расмий сапар менен Корея Республикасына келди.

Сеул шаарынын аэропортунан Мамлекет башчысын Кореянын климат, энергетика жана экология биринчи вице-министри Ким Хан Сын жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысынын Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Ошондой эле Президент Садыр Жапаров “Борбор Азия + Корея Республикасы” биринчи саммитине катышат.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы бизнес саммиттин атайын сессиясына катышмакчы.

203