7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогул шаарындагы курулуш иштеринин жүрүшү көзөмөлдөнүүдө

153

Токтогул шаарында жүргүзүлүп жаткан курулуш жана инфраструктуралык иштердин жүрүшү көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардын мэри Рамис Өмүрканов жана шаардык кеңештин төрагасы Мирбек Борбугулов бир катар объектилерди жеринен көрүп, асфальт төшөө, бала бакча куруу жана суу түтүктөрүн тартуу иштеринин аткарылышы менен таанышты.

Жетекчилер курулуш иштеринин сапатына, колдонулган материалдардын талаптарга ылайыктыгына жана белгиленген графиктин сакталышына өзгөчө көңүл бурушту.

Жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү, белгиленген мөөнөттөрдү сактоо жана аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюу боюнча тапшырмалар берилди.

154