7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров юстиция министри Аяз Баетовду мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу маселеси боюнча кабыл алды

307

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-апрелде, юстиция министри — Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетовду кабыл алды.

Аяз Баетов Мамлекет башчыга мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Жарлыктын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал Президентке эки отурум өткөргөн тиешелүү комиссиянын ишинин алгачкы жыйынтыктарын маалымдады, ошондой эле Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында аткарылып жаткан чаралар, негизги багыттар жана сунуштар тууралуу маалымат берди.

Садыр Жапаров жарандарга да, мамлекеттик органдарга да маанилүү долбоорлорду ыкчам жана натыйжалуу ишке ашырууга тоскоол болуп жаткан ашыкча бюрократияны азайтуу боюнча көрүлүп жаткан кадамдардын өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Мамлекеттик аппарат таасирдүү, жыйнактуу жана мезгилдин чакырыктарына ыкчам жооп берүүгө жөндөмдүү болушу керек. Биз тез аракеттенүүгө, өз убагында жана салмактуу чечимдерди кабыл алууга милдеттүүбүз. Өткөндөгү түйшүктүү жана инерттүү механизмдер азыркы замандын талаптарына жооп бербей калды», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров иштин темпин ыкчамдатууну жана ведомстволор аралык координацияны күчөтүүнү тапшырып, бюрократиядан арылтуу мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлине таасир этиши керектигин белгиледи. Ал ошондой эле бул багыттагы реформаларды жүзөгө ашыруунун мындан аркы кадамдары боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

308