7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

326

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-июлда, Өзбекстан  Республикасынын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовду Чолпон-Ата шаарында кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө бардык негизги тармактардагы, анын ичинде экономика, инвестиция жана маданият жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелери каралды. Камбарата ГЭС-1ди жана «Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан» темир жолун куруу биргелешкен долбоорлорунун алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчысы боордош элдерди кылымдар бою жалпы тарыхы, маданий жакындыгы жана жалпы баалуулуктары бириктирип келгенин баса белгиледи. Бул контекстте Өзбекстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын расмий сапары – өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана бир туугандык мамилелердин жогорку деңгээлинин дагы бир ачык далили экенин белгиледи.

Өз кезегинде Бахтиёр Саидов Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана эң жакшы каалоолорун айтты.

Ошондой эле Өзбекстандын тышкы иштер министри Мамлекет башчылары тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын ырастады.

327