7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров жаңы Рим Папасы Лев XIVнү шайланышы менен куттуктады

342

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, жаңы Рим Папасы Лев XIVнү Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан бүткүл католик чиркөөсүнүн башчысы болуп шайланышы менен куттуктады.

«Сизди бүткүл католик чиркөөсүнүн жаңы жетекчиси – Рим Папасы болуп шайланышыңыз менен Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм.

Сиздин Рим Папасы катары аткарган вазийпаңыз эл аралык тынчтыкты жана адилеттүүлүктү чыңдоодо, ошондой эле дүйнөлүк диндер ортосундагы алаканы жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ.

Кыргыз Республикасы Ватикан менен жетишилген достук мамилелерин жогору баалоо менен бирге, өз ара түшүнүү, урматтоо жана бүткүл тынчтыкка умтулуу принциптерине негизделген кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирем.

Ыйык Мартабалуу Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана адамзатка кызмат кылууда күч-кубат каалайм», — деп айтылат Президент Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.

343