7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров жана Гурбангулы Бердымухамедов Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты

261

Президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов бүгүн, 22-апрелде, анын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборуна барышты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев комплекстин аймагында кыскача экскурсия жасатып, Ысык-Көлдүн жээгиндеги ачык асман алдындагы музейдин жаралуу тарыхы тууралуу айтып берди.

Андан соң расмий эмес кечки тамак болду.

Ардактуу коноктор борбордун аймагында сейилдөө учурунда улуттук музыкалык аспап формасында жасалган пирсти көрүп чыгышты. Мында аларга комуз чертүү чеберчилиги көрсөтүлдү. Андан соң Садыр Жапаров сыйлуу конокко кыргыздын музыкалык маданиятынын символу болгон комузду тартуу кылды.

Мындан кийин Президент жана Төрага улуттук даамдарды тартуулоо учурунда куурма чайдан ооз тийишти.

Кийинчерээк алар комплекстин жанында жайгашкан радон булагына жөнөштү.

Анда Президент Садыр Жапаров суунун дарылык касиетине токтолуп, ден соолукка тийгизген пайдалуу таасири менен белгилүү болгон мындай булактар ​​Ысык-Көл облусунда миңдеп саналарын баса белгиледи.

262