7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаровдун өлкө соттору менен жолугушуусу

688

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө карата өлкөдөгү судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери менен кеңейтилген форматта жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, судьяларды жана сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ошону менен бирге ал сот тутуму боюнча коомчулуктун адилеттүү сын-пикирлерин жаратып жаткан сот-укук системасындагы көйгөйлөрдү белгилеп, судьялар корпусунун ишмердигин сынга алды.

Президент сотторду белгиленген бардык кемчиликтерди жоюуга, сот тутумуна болгон сый-урматты калыбына келтирүү боюнча ачык-айкын жана кынтыксыз ишти камсыз кылууга чакырды.

Иш-чарага өлкөнүн бардык сот инстанцияларынан келген 400дөн ашуун судья катышты.

689