7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын имаратын ачты (ФОТО)

370

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын имаратынын ачылышына катышты.

Социалдык маселелерди чечүү үчүн Президенттин тапшырмасы менен жаңы оорукана куруу милдети коюлган. Ал үчүн Президенттин Фондунан 97,5 млн сом каралган.

Аталган медициналык мекеме 75 орунга ылайыкташтырылган. Учурда оорукананын курулушу толугу менен бүткөрүлүп, эмеректер менен жабдылган.

Мамлекет башчысы аталган медициналык мекеменин ишке берилишин канааттануу менен белгилеп, жергиликтүү калк эми сапаттуу медициналык кызмат алуу үчүн ооруканага кайрыла аларын баса белгиледи.

Садыр Жапаров акыркы мезгилде Баткен облусундагы медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасы чыңдалып жатканын айта кетти. Мамлекет саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бардык зарыл нерселерди жасап келүүдө.

Андан соң жаңы оорукананын имаратын кыдырган маалда Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алар менен ар кандай көйгөйлүү маселелер тууралуу сүйлөшүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга аларды чечүүнү тапшырды.

Ошондой эле Садыр Жапаров оорукананын аймагына бак отургузду.

371