7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Сауд Арабия — Кыргызстан түз аба каттамын ачууну сунуштады

615

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-мартта, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык жана транспорт чөйрөсүндөгү маселелер тууралуу пикир алмашышты.
Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык туруктуу деңгээлде өнүгүп жатканына канааттанганын айтып, мындан ары да бекемделишине терең ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров Абдурахман бин Саид Аль-Жуманын Сауд Арабиянын Кыргызстандагы туңгуч элчиси катары эки тараптуу кызматташуунун учурдагы жетишкен деңгээлине — өлкөлөр аралык бекем саясий мамилелер түзүлүп, маданий-гуманитардык алакаларды өркүндөтүү боюнча иштердин жигердүү жүрүшүнө кошкон жеке салымын белгиледи.
Мамлекет башчысы белгилегендей, кыргыз-сауд кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири — соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат. Бул багытта тараптарда реалдуу потенциалдар бар, бирок эки өлкө ортосунда аба каттамдарынын жок болгондугунан улам соода жүгүртүүнүн көлөмү төмөн болуп жатат.
Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров Сауд Арабиясы менен соода-сатыкты өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын ачууну сунуштады.

Ошондой эле Президент Сауд Арабияны маанилүү инвестициялык долбоорлордо өнөктөш болууга чакырды.

Эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын бекемделишине кошкон зор салымы үчүн Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы мамлекеттик сыйлык — «Данакер» ордени менен сыйлады.

Элчи Абдурахман бин Саид Аль-Жума Мамлекет башчысына Сауд Арабия Королу Салман бин Абдул-Азиз Аль Сауддун жана Мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман Аль Сауддун саламын жеткирди.

Ал Садыр Жапаровго анын Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнө жогору баа бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, өлкөлөр ортосундагы алакаларды бекемдөөгө кошкон салымы үчүн сыймыктанарын баса белгиледи.

Абдурахман бин Саид Аль-Жума Сауд Арабия өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселесин колдоорун айтып, ошондой эле жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жардам катары болжол менен 500 миң долларлык медициналык жабдууларды өткөрүп берери жөнүндө маалымат берди.

Элчи эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгилеп, Сауд Арабия бул алакаларды жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы мезгилде Сауд Арабиясында эки мамлекеттин бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес форумун жана бизнес жарманкесин өткөрүү жөнүндө макулдашышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

616