7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент шаар тургундарын автобус айдоочуларынын эмгегин баалоого чакырды

12

 «Шаар тургуну болобу же шаарга келген мейманбы, айтор, урматтуу жүргүнчүлөр, сиздер дагы коомдук транспорттун айдоочуларынын таң аткандан түн киргенге чейинки тынымсыз эмгегин бааласаңыздар»,- деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-августта Бишкек шаарындагы электробустар жана газ менен жүрүүчү автобустарды тейлөөчү жайдын ачылыш аземинде.

Мамлекет башчысынын сөзү:

«Ардактуу Бишкек шаарынын тургундары! Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары! Кымбаттуу айдоочулар!

Бүгүн биз борбор шаарыбызда электробустарды кубаттоочу, тейлөөчү жайды рекострукциядан кийин расмий ачып жатабыз. Заманбап жана туруктуу транспорттук өнүгүү жолунда шаардыктардын ыңгайлуу каттамын камсыз кылууга, шаарыбыздын экологиялык тазалыгына дагы бир чоң кадам — шаардын олуттуу жетишкендиги менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!

Бишкек шаары – жалпы Кыргызстандын баш калаасы. Негизги мамлекеттик мекемелер жайгашкан, өлкө тагдыры боюнча маанилүү чечимдер кабыл алына турган, чет өлкөлөр менен расмий алака-катыш жүргүзө турган борбор шаар.

Биз сүйүктүү шаарыбыздын чет жактарга тааныта турган расмий борбор макамына татыктуу болушу үчүн көрктөндүрүү, экологиясын сактоо, жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бардык аракеттерди көрүп келебиз.

Мына ошол тынымсыз жаңыланып, жанданып, жашоосу кайнап турган ордо калаабыздын “кан тамыры” — бул коомдук транспорт байланышы. Анткени, күн сайын жүз миңдеген тургундар шаардык транспорт менен ары-бери каттайт, жумушуна барат, үйүнө кайтат.

Мамлекет борбор калаа тургундарынын күнүмдүк каттамын жакшыртуу, ыңгайлуу шарт түзүү максатында коомдук транспортту өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыттардын бири катары кабыл алганбыз. Мындан улам, акыркы эки жылда газ менен жүргөн 1000 ашуун автобус сатып алдык. Андан тышкары дагы автобустар алынып, шаардыктарга кызмат көрсөтүүдө.

Бирок азыркы күндө транспорт гана эмес, экология маселеси да курчуй баштады. Калаа тургундарынын коомдук транспортун жакшыртуу менен катар шаардыктарга таза аба да өтө маанилүү. Мындай заманбап чечимдер – биздин келечекке болгон жоопкерчилигибиз!

Эми бул коомдук транспортту тейлөөчү жайдын тарых-таржымалына азыноолак токтоло кетейин.

“2-депо” деген ат менен кеңири таанымал троллейбустардын токтотмо жайы 1971-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Андан бери канча жылдар өттү, заман өзгөрдү, транспорттун башка ыңгайлуу түрлөрү чыкты.

Бүгүнкү күндө Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Бишкек шаарына 120 жаңы электробус толугу менен алынып келинди. Жогоруда аталган Депо толугу менен оңдолуп-түзөлүп, кубаттоочу инфратүзүм катары модернизацияланды.

Бул жаңы транспорттук комплекс Бишкек шаарынын коомдук транспорт системасын жаңы деңгээлге чыгаруучу ири долбоор экенин баса белгилей кетейин. Бул аймакта 5 860 чарчы метр курулуш аянты камтылган, ага техникалык тейлөө жана оңдоо жайлары, администрациялык корпус, кошумча курулуштар кирет.

Комплекстин ичинде 60 электробусту жана газ менен жүрүүчү 90 автобусту тейлөө жана сарамжал сактоо шарттары каралган. Башкача айтканда, жалпы 150 даана транспорт каражатын бир убакта тейлеп, шаардык маршруттук тармактын тынымсыз иштөөсүн кыйла жакшыртууга багытталган. Бул жерде электробустарды кубаттоочу станциялар орнотулду. Күнүмдүк оңдоо жана техникалык тейлөө иштери боюнча атайын техникалык жайлар иш алпарат.

Бул жай – борбор калаанын коомдук транспорт каттамын камсыздоочу автобустар менен электробустардын ишенимдүүлүгүн жогорулатат. Шаарлыктарды үзгүлтүксүз жана сапаттуу тейлөөгө өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын урматтуу катышуучулары!

Бул долбоорду ишке ашырууга салым кошкон өнөктөштөргө жана жалпыңыздарга ыраазычылык билдирем. Сиздердин эмгегиңиздердин аркасында өлкөбүздүн баш калаасы жакшырып, көркүнө чыгып, өсүп-өнүгүп жатканын көрүп жатасыздар.

Учурдан пайдаланып, уруксат берсеңиздер, автобустардын айдоочуларына да кайрыла кетейин дедим эле. Урматтуу айдоочулар, аялдамага кимиңер биринчи келип токтосоңор дагы, астыраак барып токтосоңор болбойбу? Сөзсүз эле аялдамага жетип-жетпей токтошуңар керекпи.

Артыңарга бир заматта үч, төрт, беш автобуска чейин келип токтоп батпай жатканын көрүп жатасыңар да. Автобустарды гана эмес, жеңил машиналарды дагы “пробка” кылып, артыңарга жыйнап алып жатасыңар. Айтып эле жатабыз, айтып эле жатабыз.

Мен шаар ичинде өзүм дайыма машина айдап жүрөм. Бир күндө чыгып 4-5 саат шаар кыдырып келсем, 10-15 автобус аялдамада так ушундай көрүнүштү көрөм да. Жетип-жетпей келип токтоп алат, аркасында 5-6 автобус күтүп турат, анын аркасында 20-30 жеңил машина күтүп турат. Ошондуктан кимиңер биринчи келип токтосоңор дагы тээ алды жагына барып токтогулачы, сураныч силерден. Көп болсо эл бир 20-30 метр жерге басып барып түшөт. Андан эл эч нерсе болуп кетпейт. Бирок артыңарда 4-5 автобуска орун калтырып токтосоңор “пробка” дагы болбойт.

Мындан сырткары, электробустар менен автобустарды сарамжалдуу пайдаланып, шаар маданиятын сактап, жалпы жүргүнчүлөргө сылык-сыпаа мамиле кылгыла.

Ошону менен бирге, шаар тургуну болобу же шаарга келген мейманбы, айтор, урматтуу жүргүнчүлөр, сиздер дагы коомдук транспорттун айдоочуларынын таң аткандан түн киргенге чейинки тынымсыз эмгегин баалашыңыздар керек.

Ажылдап көрүнгөн жерден «токтот эле, токтот» деп кыйкыра бербеңиздер. Бир гана аялдамадан токтой турганын эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Мурдагы маршруттук таксилердин заманын унуткула. Ал заман өттү, кетти, болду эми, келбейт кайра.

Урматтуу шаарлыктар! Борбор калаабыздын өркүндөшүнө багытталган бүгүнкү саамалык менен дагы бир жолу куттуктаймын! Ар бир аракетибиз элибизге кут, мамлекетибизге сыймык алып келсин! Бишкек шаарыбыз күнүгө жаркырай берсин, жакшыра берсин!Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!».

13