Ширшов менен 2010-жылга чейин бир туугандай болуп, бирге иштеген айрым депутаттар азыр парламентте олтурушат. Эл шайлады да, эмне кылабыз. 2010-жылга чейин кайдан, канча уурдаганын Ширшов айтып койбосо экен деген ой-санаа басып жатса керек. Бул тууралуу Садыр Жапар “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп жатып Алексей Ширшов тууралуу билдирди.
«Биринчиден, парламенттин табияты ушундай болот. Бир нерсени тактап, чын-бышыгына жетпей туруп эле сөздөр айтыла берет. Ар кандай деңгээлдеги депутаттар бар да, тазасы бар, таза эмеси бар дегендей. Бир чети парламент — сүйлөй турган институт. Сүйлөп тургандары жакшы.
Экинчиден, Ширшов менен 2010-жылга чейин бир туугандай болуп, бирге иштеген айрым депутаттар азыр парламентте олтурушат. Эл шайлады да, эмне кылабыз. 2010-жылга чейин кайдан, канча уурдаганын Ширшов айтып койбосо экен деген ой-санаа басып жатса керек. Ошол үчүн паламенттин трибунасынан ызы-чуу салып жатышат. Ширшов менен схема түзүп аны менен иштешкидей мен Максим же Айдар эмесмин. Тескерисинче, кимде-ким аны менен схема түзүп иштеше баштаса, мейли ким болбосун баары камалат. Мурдагы заман жок. Мындан ары канча уурдасаң, ошону жүз эселеп казынага төгүп берип анан кутуласың. Кечээ жакында эле миң доллар пара ала койгон бажычы камалып, жүз миң доллар төгүп кутулуп чыкты. Жыйырма миң сом пара алып кармалган жол кайгуул кызматкери эки миллион сом төлөп үй камагына чыкты. Мунун баарын УКМК, ИИМ, Баш прокуратура көзөмөлдөп турат. Албетте, коррупцияны жүз пайыз тыйып койдук дегенден алысмын. Биз билбей же көрбөй калган кылмыштар көп эле болушу мүмкүн. Бирок бийлик башындагылар мурдагыдай схема түзүп, паракорчулукка, уурулукка эч качан аралашпайт»,— деди өлкө башчы Жапаров.